Пони – дүйнөдөгү эң кичине жылкы. Британ (Шетлен, Гебриль, Ирландия ж. б.), Исландия, Корсика, Сицилия ж. б. аралдарда чыгарылган. Бою 106 смден ашпайт. Көрүнүшү, дене мүчөлөрү боюнча Понини жүкчүл жылкынын кичирейтилген породасы деп кароого болот. Анын сырткы келбетинде жүкчүл жылкынын көптөгөн белгилери бар. Башы чоң, маңдайы жазы, көзү чоң, кулагы кыска кичине, бирок моюну жоон, көкүрөгү кенен, бели кыска, кабыргалары чоң, узун, омурткалары жазы, соорусу төгөрөк, узун, кенен; буттары туура коюлган; туяктары бышык, бекем, туура формада; жалы, көкүлү жана куйругу жазы келет. Бул жылкынын кыймылы жеңил. Түсү негизинен кара, кээде тору, жээрде, көк жана аласы да учурайт. Пони жоош мүнөздүү болгондуктан, ар кандай майда ишке тартууга ийкемдүү. Шаарда ал ар кандай атракциондордо (балдарды мингизүүгө, кичине арабаларды тартууга) колдонулат. Дүйнөдө 20дай породасы бар. Аргентинада чыгарылган фалабелла деген Понинин боюнун бийиктиги 38 см.

Пони.

Колдонулган адабияттар түзөтүү