Популяция (латынча populus – эл,Адам,калк) – узак убакыт белгилүү мейкиндикти ээлеп, көптөгөн муундарга өзүнүн белгилерин сактоочу бир түрдүү особдордун жыйындысы.

«Популяция»1903-жылы Дания биологу В. Иогансен сунуштаган. Ч. Дарвин эволюция процесси менен түрлөрдүн келип чыгышын

особдордун жыйындысынын чегиндеги, башкача айтканда популяция чегиндеги конкуренция жана тукум куума өзгөргүчтүк жөнүндөгү маалыматтарга таянуу менен түшүндүргөн. Азыркы учурда организмдердин жогорку биологиялык макросистемасы популяция жөнүндөгү түшүнүк боюнча арасында көптөгөн талкуулар жүрүп, бири-биринен кескин айырмаланат. Мисалы, экологдор изилденип жаткан экосистеманын же кайсы бир ландшафттык аймакта кездешкен бир түрдүн өкүлдөрүнүн (особдордун) жыйындысын популяция деп аташат. Ал эми генетика илиминде «популяция» деп, белгилүү бир географиялык аймакта жашап, генетикалык жактан тыгыз байланышкан, тукум берүүгө жөндөмдүү болгон бир түрдүн ичиндеги особдордун жыйындысы айтылат. Азыр экологиялык илимдин жетишкендиктерине таянуу менен популяция тукум берүүгө жөндөмдүү болгон бир мейкиндик жана убакыт бирдигинде өзүнө окшогон башка топтордон обочолонгон бир түрдүн ичиндеги особдордун жыйындысы катары түшүндүрүлөт. Популяция жаратылыш системаларында организмдин жогорку биологиялык макросистемасы катары белгилүү бир структурага ээ болуп, өсүүгө, өнүгүүгө жана ар дайым өзгөрүлүп турган айлана-чөйрөдө туруктуулукка жөндөмдүү болуп, түрдүн сакталышын камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү