Порфирит – эффузия тоо теги, базальт менен андезиттин палеотиптүү түрү; курамында кварц болбойт. Негизинен жанар тоо айнегинен туруп, арасында андезиндин, чанда пироксендин ири кристаллдары кездешет. Курамына жараша плагиоклаздуу, роговой обманкалуу жана пироксендүү профирит болуп ажыратылат. Профирит гипабиссалдуу, орточо тарамча жана порфирит стуруктуралуу тоо тек. Профирит бүктөлүү жана платформа аймактарында кеңири тараган. Кыргызстанда Тескей Ала-Тоо, Күнгөй Ала-Тоо, Кыргыз Ала-Тоосу ж. б. жерлерде кездешет. Курулуш материалы катары пайдаланылат.

Диорит-порфирит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү