ПотомакАКШнын түндүк чыгышындагы дарыя. Апаллачи тоолорунан башталган Түндүк Потомак жана Түштүк Потомак дарыясынын кошулушунан түзүлүп, Атлантика океанындагы Чесапик булуңуна куярда эстуарийди пайда кылат. Узундугу 780 км алабы 37,5 миң кмг. Боюнда Вашингтон шаары жайгашып, ага чейин деңиз кемелери жүрөт. Нугуна жарыш Вашингтондон Камберлендге чейин кеме жүрүүчү канал курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү