Президенттик иммунитет
Президенттик иммунитет – мамлекет башчысы катары президенттин колтийбестиги; ал өз кызмат ордунда турганда камалышы, кармалышы, сот жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес дегенди билдирет. П. и. конституцияда каралган өзгөчө жолжобо тартибинде (импичмент, кызматтан баштартуу ж. б.) кызматтан четтетилиши менен бирге гана алынып салынат. Ошондон кийин президент кадимки тартипте сот жоопкерчилигине тартылат (АКШ, Бразилия, Венесуэла), болбосо куугунтукка алуу биротоло токтотулат (Чехия). Францияда ж. б. кээбир өлкөлөрдө президент мамлекеттик чыккынчылык кылган учурларда, парламенттин улуксаты менен атайын сотко берилиши мүмкүн. КР Президенти КР Конституциясында белгиленген колтийбестик укугуна ээ.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|