Псаммит (грекче psammites – кумдуу жана psammos – кум), кумдуу тоо тек курамынын 50%и жана андан көп бөлүгү ар түрдүү минерал менен тоо тектердин 0,05–1 мм өлчөмдөгү майда бүртүкчөлөрүнөн турган тоо тек. Борпон түрү кум, камдашканы кумдук деп аталат. Бир түрдүү (кварц, талаа шпаты) жана көп минералдардан (аркоздор, граувактар) турган псаммит болуп ажыратылат. Too тектердин талкаланып учуп, суу менен агып барып, бир жерге топтолушунан пайда болот. Курулуш материалы катары пайдаланылат, кээде псаммит катмарларында нефть, газ, чанда алмаз, алтын ж. б. топтолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү