Психофармакология (психо... жана фармакология дегенден) - медицинанын психикага таасир этүүчү дарыларды таап, алардын натыйжалуулугун изилдөөчү бөлүгү.

Теориялык Психофармакология биохимиянын, нейрофизиологиянын жана фармакологиянын методдорун пайдалануу менен өнүгүүдө. Азыркы Психофармакологияда психофармакокинетика, психофармакогенетика сыяктуу тар- мактар пайда болууда. Психофармакология психиатрияда чоң роль ойнойт.

«Психофармакология» терминин 1920-ж. немис илимпозу Д. Махт киргизгенералдык 1952-жылдан Психофармакология өзүнчө илимий тармак катары өнүккөн. Француз фармакологу Ф. Курвуазье жана хирург А. М. Лабори нейролептик каражаттардын бири - хлорпромозиндин касиетин ачып, Психофармакологияга чоң салым кошкон. Ал дарыны француз психиатрлары Ж. Деле, П. Деникер ж. б. психикалык ооруларды дарылоодо колдонуп, жакшы натыйжалар алган. Психофармакологиянын методдорун психоздорду айыктырууда колдонуу жаңы агым - фармакопсихиатрияны пайда кылды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.