Пуэбло – 1) АКШнын түштүк-батышындагы индей элдеринин тобу. Нью-Мексико жана Аризона штаттарында, Колорадо жана Рио-Гранд дарыясынын ортосунда жашашат. Жалпы саны 32 миң киши (1987). Пуэбло монголоид расасынын америкалык бутагына тиешелүү. Хопи, шошон, суньи, керес, тано тилдеринде сүйлөшөт. 20-кылымдын 2-жарымына чейин испан тили, учурда, англис тили басымдуулук кылат. Негизинен католик динин тутушат. Пуэблонун ата-бабалары – аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен жарым көчмөн уруулар. 13–15-кылымда азыркы жайгашкан аймактарга отурукташкан. Негизги кесиби – дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк. Эркектери көйнөк, кенен, кыска шым, булгаары туфли кийип, аялдары тизесине чейин көйнөк-жамынгыч оронуп, такасыз, ак түстүү бут кийим кийген; 2) Түштүк-Батыш Америкадагы индей айыл-кыштактарынын аты (16-кылым).

Колдонулган адабияттар түзөтүү