Ракета отундары — ракета кыймылдаткычы үчүн энергия булагы жана жумуш аткаруучу катары коддонулуучу заттар. Р. о. эң чоң тартуу күчүнө ээ, агрегаттык абалы туруктуу, пайдаланууга коопсуз, конструкциялык материалдарга толук ылайык жана башка болууга тийиш. Ракета кыймылдаткычтары көпчүлүгү химимялык  отун менен иштейт. Алар агрегаттык абалына жараша катуу жана суюк болуп эки түргө бөлүнөт. Катуу түрдөгү Р. о. ак-дары жана катуу отундар аралашмасы кирет. Аралашмалуу катуу отунга күйүүчү компонент катары чайырлар, окистендиргич катары кычкылтеги көп заттар ( аммоний перхлораты — NН4СlО4, калий перхлораты КСlO4 жана башка) пайдаланылат. Суюк Р. о. бир же эки компоненттүү болушат. Бир компоненттүү суюк отундар окистендиргичке муктаж эмес. Мындай отундар молекулаласы кычкылтек күйүшү үчүн керектүү күйүүчү элементтер болот. Мисалы: нитроэтан, нитрометан. Күйүүчү заттар женил окистенткичтен турган эки компонентүү отундар өтө көп колдонулат. Мындай отундар ракета күйүүчү камерасына өз алдынча кошулбай туруп берилет. Себеби бул отундар күйүүсүнөн бөлүнүп чыккан жылуулугу көп, колдонулуучу углеводород арзан, иштетүүгө женил жана коркунучсуз. Эки компоненттүү отундарда окистендиргич катары суюк кычкылтек, конц. азот кислотасы, суутек пероксиди ракеталык күйүүчү зат катары углеводороддор, алардын бирикмеси, керосин, бензин, метил спирти, этанол спирти, аминдер колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү