Рапсодия (грекче rhapsodia – рапсод ыры) – 1) элдик обондордун (ыр жана бий) негизинде эркин формада жазылган вокалдык же аспаптык музыкалык чыгарма; 2) терме иретинде рапсод тарабынан айтылуучу Гомердин эпикалык поэмаларынын үзүндүсү; 3) 19-кылымда Батыш Европадагы фортепиано музыкасынын жанры. Рапсод жанрына К. Караев («Албан рапсодиясы»), С. Медетов (фортепиано үчүн «Рапсодия») ж. б. кайрылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү