Рахмонов Давлатбек

Рахмонов Давлатбек Уринбоевич‎»‎ барагынан багытталды)

Давлатбек Уринбоевич Рахмонов (өзб. Давлатбек Раҳмонов; (1949-2006), Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Өзбекстандын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик жана коомдук ишмери, Өзбекстандын прокуратура тармагынын прокурору.

Давлатбек Рахмонов
(өзб. Давлатбек Раҳмонов
Төрөлгөндөгү ысымы:

(өзб. Давлатбек Ўринбоевич Раҳмонов

Туулган датасы:

1949 жыл(1949)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

2006 жыл(2006)

Өлгөн жери:

Андижан району, Андижан облусу, Өзбекстан

Жарандыгы:

 Кыргыз ССР
 Өзбекстан

Кесиби:

Өзбекстандын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик жана коомдук ишмери, Өзбекстандын прокуратура тармагынын прокурору.

Карьерасы:

1977 - 2006 жылдары

Багыты:

Прокурор

Сыйлыктары:

Өзбекстан Республикасынын Башкы прокурордун ардак грамоталары, алкыштары, сыйлыктары.

Өмүр баяны түзөтүү

Давлатбек Рахмонов 1 июль 1949 жылы Ош шаарында, кызматчылардын үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Уринбой Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын. Давлатбек Рахмонов 1977 жылы Ташкент Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Окууну бүтүргөндөн кийин прокуратура органдарына жумушка жөнөтүлгөн. Андижан жана Алтынкуль райондорунун прокуратура органдарында иштеген. Өзбекстан Республикасы Андижан облусу прокурорунун жардамчысы болуп иштеген[1]. Ал Харьков юридикалык институтун квалификациясын жогорулатуу курстарын артыкчылык менен аяктаган Өзбекстан прокуратура тармагын ичинен чыккан жалгыз кызматкери болгон. Андан кийин, Өзбекстан Республикасынын Башкы прокурору Б. Мустафаев ага ыраазычылык билдирип аны Башкы прокуратуранын борбордук аппаратына иштегени чакырган, ал баш тарткан. Андижан райондук Кеңештин бир нече жолу депутаты болуп шайланган. Ал уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга бөгөт коюу жана адам укуктарын коргоо учун чоң салымын кошкон[2].

2000 жылы "Унум" жана "Давлатбек саховати" фермердик чарбаларын түзгөн жана аларды жетектеген. Андижан районундагы колхоз жана совхоздордун жоюу убакытта аткаминерлер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу жана өз кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча көптөгөн факттары менен жолуктуу, ошол кылмыштарга бөгөт коюу үчүн укук коргоо органдарына кайрылды, алар боюнча кылмыш иштери козголгон.

6 март 2006 жылы таасирдүү төрөлөр тараптан жол-транспорт кырсыгы инсценировкалоо кылынган, анын натыйжасында Давлатбек Рахмонов өлтүрүүлгөн. Аны өлтүрүүгө күнөөлүү болгон 25 жаштагы кылмышкер кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутулууп калган[3].

Үйлөнгөн, 3 үүл жана 1 кызды тарбиялады. Кылмыштуулукту ачуунун жогорку көрсөткүчтөрү эришкендиги учун көп сандаган ардак грамоталар менен сыйланган, бир нече жолу ага ыраазычылык билдирилген. Андижан районунда көмүлгөн. Давлатбек Рахмонов андижандыктардын эсинде өз өмүрүн мыйзамдуулук, укук-тартип орнотуу иши үчүн күрөшүүнүн жана чоң мансаптагы коррупционерлер колунан жок болгон курман адам катары түбөлүккө калат.

Билими түзөтүү

Ленин атындагы Ош шаарындагы №10 мектеп жана Ташкент Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

Жеке жашоосу түзөтүү

Атасы - Уринбой Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын. Энеси - Турсунхон Туйчибоева (19181954) Андижан шаарында төрөлгөн. Жубайы - Мухтарам Иззатуллаева (1958) медициналык кызматкер. Балдары: Фаррух (1978), Назокат (1980), Рустам (1985), Уринбой (1991)

Сыйлыктары түзөтүү

Өзбекстан Республикасынын Башкы прокурордун ардак грамоталары, алкыштары, сыйлыктары.

Тиркемелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү