Реверберация (лат. reverbero - ыргытам) - жабык бөлмөдө үн чыгаруу басылгандан кийин үндүн дагы угулуп (жаңырык), акырындап басаңдоо кубулушу.

Бул чагылган жана таралган үн толкундарынын белги- ленген чекитке кечигип жеткендиги менен түшүндүрүлөт. Бөлмөдөгү абаны ар кандай өздүк жыштыктагы терме- луу системасы катары кароого болот. Ар бир өздүк жыштыктагы термелүү чектелген беттен чагылгандагы жана таралгандагы үндүн жутулушуна көз каранды болгон өзүнүн басаңдоо коэффициенти менен мүнөздөлөт. Реверберациянын узактыгы үн интенсивдүүлүгү 10“ эсе, үн деңгээли 60 дбге чейин басаңдаган реверберация убакыты менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.