Регионалдык коопсуздук айрым бир аймакты согуштук жана экономикалык коркунучка кабылуудан сактап турган эл аралык коопсуздуктун (куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөө, граждандык укукту коргоо, эркин сүйлөө жана таза шайлоо жүргүзүү ж. б.) составдык бөлүгү. Регионалдык коопсуздук өлкөнүн бир аймагындагы күчтөрдүн салмагын теңөө; тарыхый, маданий, диний өзгөчөлүгүнө карап, тыштан кол салуу, кийлигишүү, зыян келтирүүгө каршы, суверендүүлүк, көз карандысыздыкка коркунуч туудурбоо үчүн колдонулат. Мисалы, СССРдин жоюлушу менен Орто Азиядагы геосаясий абалдын өзгөргөнүнө байланыштуу 1993-ж. январда Борбордук Азия мамлекеттеринин кызматташтыгы уюштурулган. 2002-ж. февралда анын базасында Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан биригип, Борбордук Азия шериктештиги түзүлгөн. Кийин ал Борбордук Азия экономикалык Шериктештиктин (БАЭШ), Борбордук Азия кызматташтык уюму (БАКУ), 2006-жылдан Евроазия экономикалык Шериктештик (ЕАЭШ) катары кызмат кылат. Мындан тышкары Кыргызстандагы регионалдык коопсуздукту 2001-ж. Кытай, Россия, Казахстан, Тажикстан, Өзбекстан (кийин баш тарткан) менен бирдикте түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) коргоп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Смирнов С.Л. Центральная Азия: проблемы безопасности. Лекции в Академии ОБСЕ (Бишкек, Кыргызстан): http://www.osce-academy.net.kg/ru/publications/#3 Archived 2004-11-02 at the Wayback Machine; Звягельская И.Д. К вопросу об угрозах в Центральной Азии / Материалы научно-практического семинара «10 лет СНГ: некоторые итоги» / СЕРИЯ: Научные доклады № 5. Июль 2001 г. http://www.niiss.ru/newdesign/01.shtml Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine.