Рейка – нивелирлөөдө колдонулуучу өлчөгүч курал. Бетине шкала түшүрүлгөн, туура кесилиши тик бурчтук, узундугу 3–4 м келген, 1–5 смден бөлүнгөн белгилери бар жалпак жыгач тактайча. Шкаланын түрүнө жараша чакмактуу рейка жана майда сызыктуу (штрихтүү) рейка болуп ажыратылат. Нивелирлөөнү өтө так жүргүзүү үчүн майда сызыктуу рейка колдонулат. Топографиялык сүрөткө түшүрүүдө, нивелирлөөдө байкоо жүргүзүүчү чекиттерге тикесинен коюлат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү