Реклю Жан Жак Элизе (15. 3. 1830, Сент-Фуала-Гранд, Франция, Жиронда-4 . 7. 1905, Бельгия, Тюрнхаут) - француз географы, социолог.

1-Интернационалдын мүчөсү. Париж Коммунасынын катышуучусу. Реклюну саясий шылтоо менен 2 жолу (1851-57 жана 1871-жылдан өмүр бою) өлкөдөн куугунтукташкан. 1-эмиграциясында Англия, Ирландия, АКШ, Колумбия, Перуда, 2-эмиграцияда Италия, Швейцария, Бельгияда жашаган. Чет өлкөлөрдүн географиясы, калкы, экономикасы жана маданияты боюнча көп маалыматтар жыйнаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.