Реле (французча relayer – алмаштыруу) – сырткы сигналдын таасиринин натыйжасында электр тизмегинин параметрлерин кескин (автоматтык) өзгөртүүчү түзүлүштү Аракетке келтирүүчү физикалык таасирлерге карата реле электрдик, механикалык, жылуулук, оптикалык, акустикалык, химиялык, магниттик; ал эми аткарган иши боюнча: сактоочу, текшерүүчү, башкаруучу, сигналдоочу ж. б. болуп бөлүнөт. Конструкциясы боюнча реле кабыл алгыч (релеге сырттан берилген таасирди кабыл алуучу), аткаргыч (реледен таасирди сыртка берүүчү) жана орто аралык (таасирлерди кабыл алгыч реледен алып, аларды өзгөртүп аткаргыч релеге берүүчү) болуп айырмаланат. Акыркы реле негизинен тиймектүү жасалып, анда электр тизмегин ажыратып же бириктирип туруучу тиймектер колдонулат. Азыр тиймексиз реле 12B автомобиль релеси. кеңири таралууда. Мындай реледе чыгыш таасири тизмектердин параметрлерин: каршылыкты, сыйымдуулукту, индукцияны же тизмектерге берилген чыналууну, басымды ж. б. өзгөртүү менен түзүлөт. Тиймексиз реле контакттуу релеге салыштырганда көлөмү кичине, тез жана ишенимдүү иштейт, энергияны аз керектейт. Техникада эн кеңири таралганы – электр-магниттүү, контакттуу реле реленин кыймылдуу бөлүгү же якору ферромагниттен жасалат, оромону түзгөн магнит талаасынын таасири менен жебенин багыты боюнча магнит өзөгүнө тартылат. Магнит талаасы өзөк, ярмо, якорь жана аба жылчыгы менен өтөт. Натыйжада тиймектер бири-бирине тийишип, сырткы башкарылуучу тизмекти туташтырат. Реле автоматтык башкаруу, байланыш, эсептөө, сигналдаштыруу, сактоо ж. б. техникаларында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү