Пьер Огюст Ренуар

Ренуар, Пьер Огюст‎»‎ барагынан багытталды)

Ренуар, Пьер Огюст (1841, Лимож – 1919, Кансьюр-Мер, Ниццага жакын) – француз живописчиси, график жана скульптор, импрессионизмге негиз салуучулардын бири. 1845-жылдан Парижде жашаган. 1860–70-ж. тарткан “Сена суусуна чөмөлүү” (1869; А. С. Пушкин атындагы сурөт искусство музейи, Москва), “Мулен де ла Галет” (1876; Импрессионизм музейи, Париж), “Түштөн кийин” (1879), “Текчеде отурган жылаңач аял” (1876), “Жаз” (1869, Берлин) жана башка сүрөттөрү пленэрдик живопись өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүнөн. Башка импрессионисттерден айырмаланып, Р. чыгармачылыгында адам башкы планга коюлуп, анын келбети (өзгөчө аял сулуулугун даңазалаган), жаратылышка, айлана-чөйрөгө, турмушка мамилеси таасын чагылдырылган. Р-дын скульптуралык ишмердиги (негизинен) 1900-жылдары өөрчүгөн) стили жагынан А. Майолдун чыгармаларына жакын (“Венера”, коло, 1914–16, Вальраф-Рихарц, Кёльн). Анын ачык-айрым, терең гумандуу чыгармачылыгы 20-кылымдагы реалисттик искусствонун өсүшүнө өбөлгө болгон.

Мулен де ла Галет (1876).
Огюст Ренуар, 1875-ж.

Колдонулган адабияттар түзөтүү