Рессора (французча ressort – серпилгичтик, пружина) – транспорттук машиналардын (автомобиль, вагон, локомотив ж. б.) амортизациялоочу (серпилгич) түзүлүшүнүн бири, алардын асма бөлүгүнүн серпилгич элементи. Рессора кузовдон берилген оордук күчүн транспорттун жүрүүчү бөлүктөрүнө берип, өңгүл-дөңгүл жолдо урунууну, солкулдоону басаңдатат. Рессора металл, гидравликалык жана пневматикалык болуп айырмаланат. Металл рессора кеңири таралган, ал жалпак тилкелүү, торсиондуу жана пружиналуу болот. Жалпак тилкелүү рессора алкак менен бекитилген түрдүү узундуктагы чыңалган болот такталарынан кабатталып жасалат. Алкак транспорт машиналарынын кыймылдуу бөлүгүнө таянат да, болот такталарынын каптал тарапка жылып кетишине жол бербейт, ал эми такталардын бош учу машинанын кузовуна атайын асма шарнир түрүндө бекитилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү