Рецептдарыгердин дарыканага жазган кайрылуусу.
Анда дарыны жасоо жана берүү, аны кандай колдонуу ыкмасы көрсөтүлөт. Рецепт белгилүү форма жана эреже боюнча жазылат. Бир дары затка жазылса — жөнөкөй, ал эми курамы бир нече заттан турган дарыга жазылса — татаал рецепт деп аталат. Ал — дарынын туура жасалышын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук документ.

Рецепттин үлгүсү

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8