Рибосомалык РНК (рРНК) - белоктор менен рибосоманы түзгөн нуклеин к-тасы. рРНК пурин (аденин менен гуанин) жана пиримидин (урацил менен цитозин), рибоза деген канттан, фосфор к-тасынын калдыктарынан турат. Рибосомалык РНКнын 75-90 % кош спиралдуу болот, бирок ДНКга караганда жуптардын комплементардуулугунун кемчиликтери болот: пурин пурин менен, пиримидин пиримидин менен жуптарды пайда кылышы мүмкүн. Прокариоттордо рРНКнын - үч, эукариоттордо - 4 түрү болот. Прокариоттордо рРНК седиментация (тунуу) коэффициенти боюнча 23S рРНК, 5 S рРНК - рибосоманын чоң суббирдигинде, 16S рРНК - кичине суббирдигинде жайгашат. Эукариоттордо рибосоманын чоң суббирдигинде 28S рРНК, 5S рРНК, 58S рРНК, кичине суббирдигинде - 18S рРНКболот, рибосоманын курамында белок синтезине катышат.

Рибосома (Escherichia coli).

Колдонулган адабияттар түзөтүү