Ридли Скотт

Ридли Скот‎»‎ барагынан багытталды)

Сэр Ридли Скот (англ. Ridley Scott;1937-жылы 30-ноябрда туулган) - британиялык кинорежиссер жана продюсер. Р. Скотт 1979-жылы тарткан "Бөтөн" (англ. Alien) илимий фантастикалык коркунучтуу тасмасынан соң "Лезвие кырында чуркоо”(англ. Blade Runner, 1982) "Тельма и Луиза" (англ. Thelma & Louise, 1991) тасмалары менен таанымал болгон. 2000-жылы тартылган "Гладиатор" (англ. Gladiator) тасмасы үчүн "Эң мыкты фильм" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган. Анын башка тасмалары- "Кара шумкар" (англ. Black Hawk Down, 2001), "Ганнибал" (англ. Hannibal, 2001), "Америкалык гангстер" (англ. American Gangster, 2007) жана "Прометей" (Prometheus, 2012) жана "Марсиан" (англ. The Martian, 2015), Последняя дуэль (англ. The Last Duel, 2021)[1].

Р.Скотт өзүнүн эмоциялуу жана оюн топтой алган визиуалдык стили менен белгилүү. Анын тасмалары ар түрдүү жерлерди жана доорлорду чагылдырса дагы, 2-кылымдагы Рим шаарын (Gladiator) 12-кылымдагы Иерусалимдин көрүнүшү (Kingdom of Heaven), орто кылымдагы Англияны (Robin Hood), азыркы Могадишо шаарын (Black Hawk Down) же келечектеги шаардын элесин (Blade Runner) сыяктуу шаар тибиндеги жайларды көрсөтүүсү менен эсте калган. Анын тасмаларындагы дагы бир өзгөчөлүк- күчтүү, чыдамкай аялдардын образдары сүрөттөлөт. Р. Скотт "Тельма жана Луиза" (англ. Thelma & Louise, 1991),"Кара шумкар", "Гладиатор" тасмалари үчүн үч жолу "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты режиссер" номинациясына талапкер болгон. 1995-жылы, Р. Скотт жана анын бир тууганы Тони экөө тең Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Британия киносуна кошкон өзгөчө салымы үчүн" сыйлыгын алышкан 2003-жылы, Р. Скотт "Улуу Британия кино тармагына кошкон кызматы" үчүн рыцардык наамын алган. 2004-жылы, Би-Би-Си сурамжылоосу боюнча Р. Скотт "Улуу Британиянын маданиятындагы эң таасирдүү онунчу адам" деген наамга ээ болду. 2015-жылы Лондондо Королдук көркөм өнөр коллежинин "Ардактуу доктору" деген даража ыйгарылган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Фильмди көрүү жана сүрөттөө Последняя дуэль. Текшерилген күнү 12 -декабрь (бештин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 12 -декабрь (бештин айы) 2021.