Бэрд, Ричард (25. 10. 1888- 12. 3. 1957) - америкалык полярдык изилдөөчү, учкуч, адмирал. Америкалык антарктикалык ири төрт экспедицияга жетекчилик кылган.

Биринчи жолу (1928-30) Бэрд Антарктиканын ички, алыскы райондоруна чейин жеткен. 1929-ж. ноябрда Түштүк уюлдун үстүнөн учуп өткөн. Экинчи экспедиция (1933-35) убагында, сейсмикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, Батыш Антарктидада таш көмүрдүн ири кени бар экендиги ырасталган. Үчүнчү экспедиция (1939-41) негизинен Антарктиданын айрым бөлүктөрүнө АКШнын суверенитетин бекитүүгө багытталган. Төртүнчү экспедиция (1946- 47) АКШнын аскер-деңиз башкармасы тарабынан уюшулуп, Батыш Антарктиданын жээк бөлүктөрүнө жана ички райондорунда аэрофотосъемка жасалган.

Экспедициялардын учурунда географиялык, метеорол., геологиялык ж. б. байкоолор жүргүзүлгөн; Рокфеллер платосу, Амундсен муздугу, Уолгрин жээги, Флетчер аралы, Мэри Бэрд жери ж. б. ачылган. Америкалык антарктика илимий станциясы Бэрд ысымы менен аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.