Роберт Ли Земекис (англ. Robert Zemeckis;1952-жылы 14-майда туулган) — америкалык киночу жана сценарий жазуучу. Визуалдык эффекттерди ойлоп тапкан киши катары аталып келет. «Тасманын окуясын визуалдык баяндоо жаатындагы эң мыкты киши» деп аталып калган Земекис 1980-жылдагы «Таш менен романс» (1984), «Келечекке кайтуу» үчилтиги жана «Коён Рожерди ким сатты?» (1988) тасмасына режиссерлук кылгандан кийин коомчулуктун көңүлүн бура баштаган. 1990-жылдарда ал драма тасмаларына аралаша баштап, 1994-жылы «Форест Гампты» тартуу менен «Оскардын» «Эң мыкты режиссер» наамына татыган, кино болсо «Эң мыкты тасма» номинациясын жеңип алган. Анын тарткан тасмалары чоңдорго жана үй-бүлөлөргө арналып, көптөгөн жанрларды камтыйт.

Земекистин тасмалары атайын эффекттерге кызыгуу жаратат деп мүнөздөлөт. Ал алгачкылардан болуп компьютердик графиканы жандуу видео тартууга «Келечекке кайтуу 2-бөлүк» (1989) жана «Форест Гамп» тасмаларында кошкон. Ошондой эле ал «Уюлдук экспресс» (2004), «Беовулф» (2007) жана «Кристмас ыры» (2009) тасмаларында эң биринчилерден болуп кыймыл-аракетти кармап калуу боюнча техникаларды пайдаланган. Земекис эффекттерге гана кызыккан режиссер деп мүнөздөлүп келаткан болсо да, анын эмгектери бир нече киносынчылар тарабынан коргоого алынган. Киносынчы Дэвид Томсон «Азыркы учурдун эч бир режиссеру атайын эффекттерди мындай драматикалык жана окуяны баяндоо максатында пайдаланган эмес» деп жазган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү