Романс (испанча romanse – романдык) – аспаптын коштоосу аркылуу жеке үн менен аткарылуучу камералык музыкалык-поэтикалык чыгарма. «Романс» термини орто кылымда Испанияда пайда болуп, испан («роман») тилинде жазылган ырды билдирген. Романс Испаниядан адабий жанр катары башка чет өлкөлөрдүн поэзиясына тараган. Романс образ, ыргак, интонацияны баса көргөзөт, бирок обонго жардыраак. 18-кылымдын 2-жарымында Германия, Франция, Россияда синтездүү музыкалык-поэтикалык жанр катары таралган. Романстын өнүгүшүнө И. Гёте, Г. Гейне, А. Пушкин, М. Лермонтов, А. Фет ж. б. акындардын; М. Глинка, А. Даргомыжский, М. Балакирев, П. Чайковский, С. Рахманинов ж. б орус композиторлорунун; Л. Бетховен, Ф. Шуберт, Р. Шуман ж. б. чет элдик композиторлордун чыгармачылыгы таасир эткен. Орус совет композиторлору А. Александров, Н. Мясковский, Д. Шостакович ж. б. Романстын классикалык үлгүлөрүн жаратышкан. Романстын элегия, баллада, драмалык монолог, баркарола ж. б. түрлөрү бар. Азыр вокалдык түрмөктөгү, бир нече ырчы үчүн же жеке үн жана аспаптык ансамбль үчүн Романстар бар. Кээде лирикалык мүнөздөгү аспаптык (скрипка, виолончель үчүн) чыгармалар да романс. деп аталат. А. Малдыбаев («Зарема»), М. Абдраев («Жалынамын» вокалдык түрмөгү) ж. б. кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгында Романс кеңири орун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү