Рондо (французча. rondeau – айлана) ыр түзүлүшүндө – уйкаштыгы (aabba, abbr, aabbar түрүндө уйкашуучу) 15 саптан турган туруктуу ыр формасы; андагы г – 1-саптын биринчи сөздөрүн кайталоочу уйкашпаган рефрен; 2) музыкада – түрдүү кайрыктар менен жаңыланып туруучу башкы теманын (рефрен) бир нече жолу кайталанышына негизделген музыкалык форма. Кайырмалуу элдик ырдан келип чыккан, 17–18-кылымдарда француз клавесинчилеринин музыкасында кеңири колдонулган. Веналык классиктер соната-симфония түрмөктөрүндө пайдаланышкан. Кийин ал пьесанын бир формасы катары тарайт. Азыр ыр жанрынан (романс, ария, опера үзүндүсү), балет музыкасынан байыр ала баштады.

Колдонулган адабияттар түзөтүү