Башбаракты ачуу

Россиядагы жарандык согуш жана чет өлкөлүк интервенция (1917–20)

Россиядагы жарандык согуш жана чет өлкөлүк интервенция (1917–20) – Октябрь революциясынын жеңиштерин коргоо үчүн Компартия жетектеген жумушчу жана эмгекчи дыйкандардын ички жана тышкы контрреволюциячыл күчтөргө каршы күрөшү. Империялык мамлекеттердин Россияда Совет бийлигин кулатуу анын аймагын биротоло болуп алуу максатында баштаган интервенциясы жарандык согуштун кулач жайышынын чечүүчү фактору болгон. Совет бийлигине алгачкы күндөрдөгү каршылык (Дутов козголоңу) эмгекчилердин кеңири массасынын революцияны колдоосу менен тез эле басылган. Чет элдик интервенттердин басып кириши (1918-ж. Мартта англиялык-франциялык-америкалык аскерлер Мурманскиге, апрелде – япон аскерлери Владивостокко, май айында – түрк аскерлери Закавказьеге басып кирген) жана Антанта уюштурган Чех-словак корпусунун козголоңу (25-майда) контрреволюциячыл күчтөрдү жандандырып, 1918-ж. жайында Совет республикасы өлкөнүн аймагынын 3/4 бөлүгүнөн ажыраган. Ал аймактарда көптөгөн ак гвардиячыл жана улутчул буржуазиялык өкмөттөр түзүлгөн. В. И. Ленин башында турган Компартия жумушчу менен дыйкандардын аскердик-саясий союзунун түзүлүшүн камсыз кылып, Советтик республиканы коргоону уюштурган. Өлкө бирдиктүү согуш лагери деп жарыяланып, жалпыга милдеттүү аскердик окуу-машыгуу киргизилген. Кызыл Армияга мобилизациялоо жүргүзүлгөн, революциячыл аскер советтери (РАС) жана жумушчу-дыйкан коргоо совети уюштурулган. Экономикалык жагдайында чукул чаралар көрүлүп, эмгекке жалпы милдеттүүлүк, азык-түлүк чачымы киргизилген, азык-түлүк отряддары, кедейлер комитеттери түзүлгөн. 1918-жылдын 2-жарымында Кызыл Армия Чыгыш фронтто алгачкы жеңиштерге ээ болуп, Волга боюн, Урал аймактарын бошоткон. Германиядагы Ноябрь революциясынан кийин Совет өкмөтү Брест тынчтыгын жокко чыгарып, Украина менен Беларуссияны бошоткон, Балтика боюнда Совет бийлиги калыбына келтирилген (1918-жылдын аягы - 1919-жылдын башы). Ошол эле мезгилде Антанта интервенциясын күчөткөн, анын колдоосу менен контрреволюциялык тартиптер Сибирде, Түштүктө, Түндүктө ж. б. жерлерде пайда болуп, аларга каршы РКП(б)нин жашыруун комитеттеринин жетекчилиги менен партизандык кыймылдар кенири жайылган. 1919-ж. жайында Советтик республикалардын аскердик-саясий союзу түзүлгөн. Март-майда Кызыл Армия ак гвардиячылардын Совет мамлекетине чыгыштан (адмирал A. В. Колчак), түштүктөн (генерал А. И. Деникин), батыштан (генерал Н. Н. Юденич) жасаган биргелешкен жортуулуна каршы ийгиликтүү сокку урган. Советтик армиянын Чыгыш фронтто май-июлдагы жалпы контрчабуулунун натыйжасында колчакчылар талкаланып, Урал, андан кийин жарым жылдын ичинде Сибирь бошотулган. Иркутскини алуу менен (1920 март) Колчактын аскерлерин талкалоо аяктаган. 1919-ж. апрель-августта интервенттер аскерлерин Украинанын түштүгүнөн, Крымдан, Бакудан, Орто Азиядан алып кетүүгө аргасыз болушкан. 1919-ж. жайында жана күзүндө Кызыл Армия Антанта менен ак гвардиячылардын биргелешкен жүрүшүнө сокку уруп, Түштүк фронттун аскерлери Деникиндин армиясын Орёлдун, Воронеждин жанында талкалаган, 1920-ж. мартта алардын калдыктарын Крымга сүргөн. 1919-ж. күзүндө Петрограддын алдында Юденичтин армиясы биротоло талкаланган. 1920-жылдын башында Түндүк жана Каспий деңиздеринин бойлору бошотулуп, апрелде Азербайжанда Совет бийлиги калыбына келтирилген. Кызыл Армияда он миңдеген ыктыярдуу интернационалчылар (чехтер, сербдер, венгрлер, поляктар ж. б.) салгылашкан. 1920-жылдын башында Антанта аскерлерин чыгарып кетип, Совет мамлекетин блокадалоону токтотушкан. 1920-ж. апр.- ноябрда Совет республикасы Антанта даярдаган акыркы биргелешкен жүрүштүн мизин кайтарган. Польша армиясын жеңген соң Кызыл Армия генерал П. Н. Врангелдин армиясына сокку уруп, Крымды бошотуу менен жарандык согуш аяктаган. 1921–22-жылдары Кронштадттагы, Тамбов жериндеги, Украинанын бир катар аймактарындагы ж. б. жерлердеги ак гвардиячылар менен интервенттердин козголоңдору басылып, Закавказье, Орто Азия, Ыраакы Чыгыштагы (1922-ж. октябрь) интервенттердин жана ак гвардиячылардын калган очоктору жок кылынган. Согуш мезгилинде 2 млндон ашык адам эмиграцияга кеткен, ачкачылыктан, оорудан, согуштан 8ден 13 млнго чейин киши набыт болгон (ар кандай маалымат боюнча) эл чарбасы өтө зор зыян тарткан.

Колдонулган адабияттарОңдоо