Руаль Амундсен (16.7.1872, Борге шаары, Томта хутору, Осло шаарына жакын – 18.6.1928) – норвегиялык уюл саякатчы жана изилдөөчү. Борге шаарында Вервен кеме верфинин ээси, кеме капитанынын үй-бүлөсүндө туулган. Кристиания (азыркы Осло) шаарындагы университеттин медицина факультетин бүтүргөн. 1897–99-ж. Амундсен Жерлаш жетектеген Антарктиканы изилдеген бельгиялык экспедицияга алгач штурман, 1901-жылдан капитан болуп катышкан. Чакан «Йоа» моторлуу кемесинде үч жолу кыштап, Түндүк-Батыш өткөөл аркылуу өтүп, Гренландиядан Аляскага чейин Түндүк Американы биринчилерден болуп айланып өткөн. Антарктидада Росс шельф муздугу (800 кмден ашык) аркылуу өтүп, Королева Мод жерин ачкан. «Фрам» кемесинде Антарктикалык экспедицияны башкарып, Р. Скотт жетекчилик кылган англ. экспедициядан бир ай мурда, 1911-ж. 14-декабрда Түштүк уюлга жетет. 1918–20-ж. «Мод» кемеси менен Евразия материгин жээктеп, 2 жолу кыштап, Норвегиядан Беринг кысыгына чейин барат. Челюскин тумшугунун так координатын аныктаган. 1926-ж. Шпицберген – Түндүк уюл Аляска маршруту боюнча «Норвегия» дирижаблинде учкан 1-трансарктикалык экспедицияга жетекчилик кылып, Түн. уюл менен Барроу тумшугунун ортосунда кургактыктын жок экенин аныктаган. Түндүк Муз океанында кыйроого учураган италиялык саякатчы У. Нобиленин экспедициясына жардам берүү үчүн Амундсен 1928-ж. 18-июнда «Латам» гидросамолётунда учуп чыгып, бүткүл экипажы менен Баренц деңизинде өлөт.

Амундсен.

Амундсендин ысмы менен Антарктидадагы деңиз, тоо, Амундсен Скотт атындагы америкалык илимий станция жана Түндүк Муз океандагы булуң, чуңкурдук аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү