Руда тулкусу - түрдүү формадагы руда чогундусу.

Руда тулкусу менен анын тегерегиндеги тоо тектердин чек арасы билинбей акырындык менен же кескин өзгөрөт. Руда тулкусу формасы боюнча изометр, жалпак жана созулма болуп үч топко бөлүнөт. Изометр формасындагы Руда тулкусу - бардык тарабына болжол менен бирдей созулуп жаткан минерал заттарынын чогундусу (мисалы, шток, штокверк турундогу рудалар) .

Жалпак формасындагы Руда тулкусуна кабат, тарам, линза турундогу рудалар кирип, алардын эки тарабы узак созулуп, бир жагы кыска келет Созулма Руда тулкусу түтүк сымал рудалардан турат (мисалы, Сибирь жана Түштүк Африкадагы кимберлит тутуктору).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.