Рун жазуусу - рун ташка, металлга, жыгачка, сөөккө чегилип же чийилип жазылган байыркы герман алфавитинин тамгалары.

2-кылымдан соңку ортоңку кылымга чейин колдонулган. Скандинавия, Испания, Гренландия, Англия, Түндүк Европа, Kapa деңиздин түндүк бою ж.б. жерлерге таралган. Мезгил өткөн сайын алфавиттин составы да, рундардын жазылышы да өзгөрүүгө учурап турган. Сөздөр дээрлик туташ жазылып, солдон оңго, оңдон солго же болбосо бир сабы солдон оңго, экинчиси оңдон солго окулат. Рундун келип чыгышы так аныктала элек.

Сырткы окшоштуктарына карата Орхон-Енисей, түндүк Монголия жана Талас, Кочкор аймактарынан табылган байыркы кыргыз, түрк жазуулары да рун сымал жазуусу деп аталат. Бирок булл жазуу эстеликтеринин түпкү маанисинде, жазылышында, курулушунда кадимки рун жазуусу менен эч окшоштуктар байкалбайт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.