Рур көмүр бассейни, Төмөнкү Рейн-Вестфалия көмүр бассейни – Батыш Европадагы ири таш көмүр бассейни. Аянты 6200 км2. Рейндин оң куймасы Рур дарыясынын алабында (Германия). Көмүр карбондун катмарларында жайгашкан. Өнөр-жайлык көмүрдүн 2000 м тереңдикке чейинки жалпы запасы 214 млрд т, 1500 м тереңдикке чейинкиси 20,3 млрд т. Көмүр коксталат (65% ке чейин). Күйгөндө 36,2 мДж/кг жылуулук энергиясын берет. 13-кылымдан белгилүү, 19-кылымдын орто ченинен баштап ургаалдуу казыла баштаган. 1900–84-жылдары бассейнден 8 млрд гдай көмүр казылып алынган. Жер астынан казылат. Бассейнде кокс заводдору жана брикет фабрикалары иштейт.

Рур көмүр бассейни.

Колдонулган адабияттар түзөтүү