Руткит (англ. rootkit) — компьютер системиндеги залалдуу программа, башкача айтканда, вирустун түрү. Ал компьютердеги маалыматтарды чогултуп, системди башкара алат. Вирустар файлдарды гана жок кылса, руткит бүтүндөй программаларды жок кылууга жөндөмдүү. Хакерлер руткиттин жардамы менен бирөөлөрдүн компьютерин көзөмөлдөп, өздөрүнүн кара ниеттик иштерине пайдалана алышат. Руткит бир гана компьютер системин эмес, смартфондордун, гаджеттердин операциялык системин талкалайт. Мунун өзгөчөлүгү – электрондук почтанын, сайтка катталган баракчанын сыр сөздөрүн уурдап алуусунда.