Руфижи (Rufiji) – Танзаниядагы дарыя. Ньяса көлүнүн чыгышындагы тоодон башталган Лувегу жана Киломберо дарыяларынын кошулушунан түзүлгөн. Узундугу Лувегу дарыясы менен кошо 1400 км, алабынын аянты 178 миң км2. Шугури шаркыратмасына чейин тоодон, андан төмөн түздүк менен агып, Инди океанына куят. Орточо чыгымы 1100 м3/сек. Төмөнкү агымында кеме жүрөт.

Руфижи.
Танзания жана Руфижи.

Колдонулган адабияттар түзөтүү