Рысбаев Жолочу - акын, сатирачы.

Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны (2021).

1966-жылы Сан-Таш орто мектебин,
1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуу менен В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген.
1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк башкы редактор болуп, 1991-жылдан чейин, Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.
1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Учурда Кыргыз улуттук радиосундагы жекшембилик “Кутмандуу болсун күнүңөр” радиожурналын даярдоо менен Чүй облустук телерадио компаниясында улук редакторлук кызматта эмгектенүүдө.
«Чырмоок» аттуу сатиралык китеби 1982-жылы жарык көргөн.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Чырмоок: Тамсилдер. - Ф.: Кыргызстан. - 1982. -63 б.

Коңгуроо: Сатиралык ырлар, тамсилдер, пародиялар.  Ф.: Кыргызстан, 1988. - 70 б.

Ой, шумдук!: Ырлар, тамсилдер. - Ф.: Адабият, 1992. - 37 б.

Ап-Чихи!-Чүчүңүз!: Сатиралык ырлар.  Б., 1999. - 134 б.

Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес: Сатиралар, тамсилдер. -2006. - 286 б.

Ачуу-таттуу аралаш 2008.