Рыскулов Сардарбек (1920–1997) - жазуучу.

Сардарбек Рыскулов Кочкор районундагы Кошалыш айылында 1920-жылы туулган.
1940-жылдын сентябрь айынан баштап республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген.
1942-жылы 24-февралда Улуу Ата Мекендик согушка жөнөтүлүп, аскерден Минскидеги Аскер окуу жайында окуп, Гомель шаарын коргоого катышкан.
Свердлов облусунда 1944-жылга чейин аскер кадрларын даярдап, денсоолугунун начардыгына байланыштуу 1943-жылы өз жерине кайтып келип Кочкор совхозунда директордун орун басары болуп иштеген.

Кийин "Отузмининчи" башкармалардын катарында Кыргызстан Борбордук Комитетинин 1-секретары Искак Разаковдун 145-жолдомосу менен Куланак  райондук даярдоо башкармалыгынын башчысы, Чолпон райондук гезитинин башчысы, Кочкор районун Комсомол айылында уч колхозду бириктирип (Кош-алыш,Ак-кудук, Кара-булун) башкарманын төрагасы болуп иштеген.

Чыгармачылык ишин 1940-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде иштеген мезгилде баштап, бир актылуу жана көп актылуу пьесалары, очерк, фельетондорду жазган.
1971-жылы «Ала-Тоо» журналында «Кашка ат, карагер жорго» аттуу повести жарыяланган. «Биз эми түшүндүк» деген пьесасы жамааттык жыйнакта «Кыргызстан» басмасында жарык көргөн. Айрым очерк, аңгемелери үчүн республикалык масштабда сыйлыктарга татыктуу болгон.
1991-жылдан Кыргызстан, СССР Жазуучулар, союзунун мүчөсү болгон.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Балбандар: Аңгемелер жыйнагы. - Ф.: Мектеп, 1970. - 47 б.
  • Саяпкерлер: Повесттер, аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 136 б.
  • Мүнүшкөрлөр: Повесттер, аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1986. - 149 б.
  • Кара шумкар: Повесттер, аңгемелер. - Ф.: Адабият, 1991. - 34 б.(жеткиликсиз шилтеме)
  • Шамен: Повесть. - Б.: Турар, 1998. - 78 б.
  • Төрөгелди баатыр: Баян.  Б.: Турар, 1999. – 74 б.

саяпкерлер