Рёрус – Норвегиядагы шаар, Сёр-Трёнделаг фюлькесинде (административдик-аймактык бирдик). Калкы 5,6 миң (2008). Темир жол станциясы. Аэропорту бар. Тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Шаар 17-кылымда жез иштетүүнүн борбору болгон. 1980-жылы (2010-жылы кеңейтилген) Шаардын борбордук бөлүгү (тоо-кен ишинин өнүгүү мезгилинде салынган тарыхый жыгач үйлөр көп) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү