СПИД (кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому) – (англ. Acquired Immunity Deficit Syndrome, AIDS) – иммундук тутумдун жок кылынышынан улам организмдин коргоо күчү солгундай турган патологиялык абал; өтө коркунучтуу жугуштуу оору – ВИЧ-инфекциянын (адамдын иммун таңсыктыгынын вирусу козгоочу дарт) акыркы чеги болуп саналат.[1] Бул ооруга каршы күрөшүү калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттердин бири. Ал 1982-жылдан бери белгилүү, дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө атайын каттоого алынат. Жуктуруучусу – вирусту алып жүргөн адам. Анын жугуусу: көбүнесе жыныстык катнаш аркылуу; боюндагы же төрөт учурунда энеден түйүлдүккө жана ; эмчек эмизген учурда баладан энеге; кан куйганда, ийне сайганда, ж. б. д. у. с. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында билип туруп башка адамдарга ВИЧ-инфекциясын жугузуу коркунучуна дуушар кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

КИВ менен КИЖС ортосундагы айырмаОңдоо

КИВ – КИЖСти козгоочу вирус. КИЖС - кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому. КИВ жана КИЖС экөө бирдей нерсе эмес. Ошондой эле КИВ менен ооруган адамдар дайым эле КИЖСке чалдыкпайт.

КИВ – бул адамдан адамга жугуучу вирус. Убакыттын өтүшү менен КИВ инфекциялардан коргоого жардам берүүчү иммундук тутумдагы клеткалардын (CD4клеткалары же Т клеткалары деп аталган) маанилүү бир түрүн жок кылат. Аталган CD4 клеткалары жетишсиз болгондо, организм инфекциялар менен демейкидей күрөшө албайт.

КИЖС – КИВ иммундук тутумга келтирген зыяндын кесепетинен пайда болгон оору. КИЖС коркунучтуу инфекция жуккандан кийин же CD4 клеткаларынын саны аз болгондо пайда болот. КИЖС – акыры өлүмгө алып келе турган КИВ инфекциясынын эң олуттуу жана өтүшүп кеткен баскычы.

Дарылабаса, КИВ адамдан КИЖСге өтүшүп кетиши үчүн 10 жылдай убакыт талап кылынат. Дарылоо вирустун зыянын басаңдатып, адам ондогон жылдар бою дени сак калышына жардам берет.

ЖышаандарыОңдоо

КИЖС жышаандары төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • Тез арыктоо
  • Кайра кайталанган ысытма же түнкүсүн катуу тердөө
  • Ашкере жана себепсиз чарчоо
  • Колтуктагы, чурайдагы же моюндагы лимфа бездеринин узакка сакталуучу шишиги
  • Бир жумадан ашык созулган ич өткөк
  • Ооздогу, арткы тешиктеги (анустагы) же жыныс органдарындагы жаралар
  • Пневмония
  • Теридеги, теринин астындагы же ооздун, мурундун ичиндеги, көздүн кабагындагы кызыл, күрөң, кызгылт же кызгылт көк тактар
  • Эс тутумду жоготуу, депрессия жана башка нерв оорулары


Бул симптомдордун ар бири башка илдеттер менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Сизде КИВ бар же жок экендигин так билүүнүн бирден-бир жолу – бул текшерүүдөн өтүү. Эгерде сизге КИВ жуккан болсо жана CVI 3 баскычына (КИЖСке) өтүшүп кеткен болсо, анда догдур айрым медициналык критерийлерге таянып диагноз коёт. КИВ инфекциясынын көптөгөн оор белгилери жана оорулары сиздин организмиңиздин иммундук тутумунун жабыркашынан келип чыккан оппортунисттик инфекциялардан пайда болот.

Тобокел факторлоруОңдоо

КИВ/КИЖСти ар кандай курактагы, расадагы, жыныстагы же сексуалдык багыттагы адамдар жуктуруп алышы мүмкүн. Бирок төмөнкү учурларда КИВ/КИЖСти жуктуруп алуу коркунучу чоң:

  • Корголбогон жыныстык катнашка барганда. Жыныстык катнашка барган сайын жаңы латекс же полиуретан презервативин колдонуш керек. Эгерде сизде бир нече сексуалдык өнөктөш болсо, КИВ оорусун жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт.
  • Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар (ЖЖЖИ) бар. Көптөгөн ЖЖЖИ жыныс органдарында ачык жараларды пайда кылат. Бул жаралар КИВ инфекциясынын организмге кирип кетишине түткү болот.
  • Тамырга сайылуучу дары-дармектер себеп болот. Тамырга дары-дармек алган адамдар көбүнчө ийне менен шприцтерди бири-бири менен бөлүшөт. Ошентип, алардан бөлөк кишилердин канына вирус жугат.

Алдын алууОңдоо

КИВ инфекциясын алдын алуучу вакцина жок жана КИЖСга да даба жок, бирок өзүңүздү жана башкаларды инфекциядан коргой аласыз.

КИВдин жайылышына жол бербөө үчүн:

  • «Дарылоону алдын алуу катары» (TasP) колдонуу. Эгерде адам КИВ инфекциясын жуктуруп алса, анда КИВге каршы дары ичүү өнөктөшүн вирус жугуудан сактайт. Вирустук жүктөм байкалбай жатканына ынануу менен – ​​кандын анализи вирустун жок экендигин көрсөткөндүктөн – сиз вирусту башкаларга жуктурбайсыз. TasPны колдонуу дарыларды көрсөтмөсүнө ылайык убагында ичип, такай текшерилип турууну билдирет.
  • Эгерде адам КИВдин таасирине кабылган болсо, байланышкандан кийинки алдын алууну (ККА) колдонууга тийиш. Эгер сиз жыныстык катнаш учурунда, ийне сайганда же жумуш ордунда жугузуп алдым деп ойлосоңуз, доктурга кайрылыңыз же тез жардам бөлүмүнө барыңыз. ККАны мүмкүн болушунча эртерээк, алгачкы 72 сааттын ичинде алуу КИВ менен ооруп калуу коркунучун азайтат. Дары-дармектерди 28 күн ичүү зарыл.
  • КИВди экспозицияга же байланышканга чейин алдын алуу (ЭчА же БчА). Бул вирусту жуктуруп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн КИВи жок адамдар өтө активдүү антиретровирустук терапиянын дары-дармектерин пайдаланышы болуп саналат. Эмтрицитабинге тенофовирду (Трувада) жана эмтрицитабинге тенофовир алафенамидди (Дескови) кошуп айкалыштырып пайдалануу өтө чоң тобокелдиктеги адамдарда жыныстык жол менен жугуучу инфекцияны жуктуруп алуу коркунучун азайтышы мүмкүн. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, БчА жыныстык катнаштан улам КИВдин жугуу коркунучун 90%дан ашыкка, ал эми баңги заттарды ийне аркылуу колдонуудан 70%дан ашыгыраак төмөндөшү мүмкүн.

Догдур КИВди алдын алуу үчүн аталган дары-дармектерди бейтапта КИВ инфекциясы жок болсо гана дайындайт. ЭчАны кабыл ала баштаганга чейин КИВге тест тапшыруу керек. Андан кийин аны ичип жатканда да ар бир үч айда тапшырып турган оӊ. Дарыгер Трувада дары-дармегин дайындоодон мурда бөйрөктөрдүн ишин текшерип, ар бир алты айда улам көзөмөлдөп турат. Дары-дармектерди күн сайын ичиш керек. Алар башка ЖЖЖИни алдын албайт, андыктан коопсуз жыныстык катнаш жасоого туура келет.

  • Эгерде сизде КИВ бар болсо, бул тууралуу жыныстык өнөктөштөргө кабарлаңыз. Учурдагы жана мурдагы жыныстык өнөктөштөрүңүздүн баарына КИВ инфекциясын жуктуруп алганыңызды айтышыңыз зарыл. Аларды текшерүү керек.
  • Таза ийнени колдонуңуз. Эгерде сиз дары саюучу ийнени колдонуп жатсаңыз, анда анын стерилдүү экенине ынаныңыз жана башкаларга бербеңиз. Коомдоштугуңуздагы ийне алмашуу программалардын артыкчылыктарынан пайдаланыңыз. Баңги затын колдонгонуңузга байланыштуу жардам суроо жөнүндө ойлонуп көрүңүз.
  • Эгер аял кош бойлуу болсо, тезинен медициналык жардам үчүн кайрылышы керек. Эгерде анда КИВ инфекциясы бар болсо, анда балага инфекцияны жуктуруп алышы ыктымал. Бирок кош бойлуу кезде дарыланып, КИВ инфекциянын балага жугуу тобокелдигин кыйла төмөндөтсө болот.

Оорунун КИЖС абалына чейинки кабылдап кетүүсүОңдоо

Дүйнөдө КИВ менен ооругандарды вируска каршы кыйла сапаттуу дарылоонун шарапаты менен бүгүнкү күндө КИЖС дартына чалдыккандар азайды. Дабалабаса КИВ болжол менен 8-10 жылдан кийин КИЖСке айланат.

КИЖС пайда болгондо иммундук тутум катуу жабыркайт. Оппортунисттик инфекциялардын же оппортунисттик рактын (адатта андай илдеттер иммундук тутуму сак адамда болбой турган илдеттин) келип чыгуу коркунучу бар.

Аталган инфекциялардын айрымдарынын төмөнкүдөй жышаандары болушу мүмкүн:

  • Тердөө
  • Чыйрыгуу
  • Кайталануучу ысытма
  • Өнөкөт ич өткөк
  • Лимфа бездеринин шишип кетиши
  • Тилдеги же ооздогу туруктуу ак тактар ​​же адаттан тыш жаралар
  • Дайыма себепсиз чарчоо
  • Алсыздык
  • Салмак жоготуу
  • Теридеги бүдүрлөр же дөмпөкчөлөр

Вирус кайдан пайда болгон?Оңдоо

Тилекке каршы, бул суроого так жооп жок. Болгону божомолдор гана бар. Алардын ар биринин өзүнчө жүйөсү болгону менен илим дүйнөсүндө алардын баары ыктымал жана кимдир бирөөлөр үчүн болуп өткөн окуянын талаштуу версиялары катары божомол боюнча гана калууда.

КИВдин келип чыгышынын биринчи божомолу маймылдар менен байланышкан. Аны 20 жылдай мурда америкалык изилдөөчү Б.Корбетт айткан. Аталган илимпоздун пикиринче, КИВ адамдын канына өткөн кылымдын 30-жылдарында шимпанзелерден кирген. Балким, жаныбар тиштегенде же адамдын өлүгүн сойгондо жуккан. Бул версияны жактаган олуттуу далилдер бар. Чындыгында шимпанзенин канынан сейрек кездешүүчү вирус табылган, ал адам организмине киргенде КИЖС сыяктуу абалга алып келиши мүмкүн.

Дагы бир изилдөөчү, профессор Р. Гэрринин айтымында, КИЖС бир топ эски: анын тарыхы 100 жылдан 1000 жылга чейин созулат. Бул гипотезаны колдогон эң олуттуу аргументтердин бири – 20-кылымдын башында венгриялык врач Капоши «зыяндуу шишиктин сейрек кездешүүчү түрү» деп сыпаттаган Капоши саркомасы бейтаптын иммундук жетишсиздик вирусу менен ооругандыгын көрсөткөн.

Көптөгөн илимпоздор Борбордук Африканы КИЖС мекени деп эсептешет. Бул божомол өз кезегинде эки версияга бөлүнөт. Алардын биринин айтымында, КИВ сырткы дүйнөдөн обочолонгон аймактарда, мисалы, жунглилердин арасына сиңип кеткен уруулук конуштарда илгертен бери эле болуп келген. Убакыттын өтүшү менен, калктын миграциясы көбөйгөн сайын вирус «сыртка» чыгып, тездик менен жайыла баштады. Экинчи версия боюнча вирус Африканын уран кендерине бай айрым жерлеринде катталган радиоактивдүү фондун жайылышынын натыйжасында пайда болгон.

Салыштырмалуу жакынкы жылдарда эле англиялык изилдөөчү Э. Хупеорго таандык дагы бир гипотеза пайда болду: вирус ХХ кылымдын 50-жылдарынын башында полиомиелитке каршы вакцина түзүү жаатында иштеп жаткан илимпоздордун жаңылыштыгынан улам жаралган. Вакцинаны өндүрүү үчүн шимпанзенин боорунун болжол менен КИВге окшош вирусу бар клеткалары колдонулган. Бул гипотезаны жактаган эң күчтүү далилдердин бири – вакцинанын ушул кезге чейин Африканын иммундук жетишсиздик вирусунун эң жогорку деңгээлде катталган жерлеринде сыналгандыгы.

Дүйнөлүк КИЖС менен күрөшүү күнүОңдоо

Жыл сайын 1-декабрда Дүйнөлүк КИЖС менен күрөшүү күнү белгиленет. Бүт жер жүзүндөгү кишилер КИВ менен жашаган же кайсы бир себеп менен КИВ инфекциясын жуктуруп алган адамдарга колдоо көрсөтүү үчүн биригет жана КИЖС илдетине чалдыгып өлгөндөрдү эскеришет.

БУУ агенттиктери, мамлекеттер жана жарандык коом жыл сайын КИВ менен байланышкан кайсы бир маселелерге арналган өнөктүктөрдү өткөрүү үчүн күч-аракетин бириктирет.

  • Дүйнөнүн баардык региондорунда маалыматтык иш-чаралар өткөрүлөт.
  • Маалыматтуулуктун, КИВ менен жашаган кишилерди колдоонун жана тилектештиктин символу катары көптөгөн адамдар кызыл лента тагынат.
  • КИВ инфекциясы бар кишилер өз турмушу жөнүндө эң маанилүү темалар боюнча оюн айтууга мүмкүнчүлүк алат.
  • КИВ менен жашаган адамдар тобу жана КИЖСга каршы күрөшүү маселелери боюнча алектенген дагы башка эл аралык уюмдар өздөрү иштеген коомдорду колдоо жана каражат чогултуу боюнча күч-аракетти бириктирип турушат.
  • Жүргүзүлүп жаткан иш-чараларда бүт көңүл КИЖС эпидемиясына байланышкан иштердин учурдагы абалына бурулат.

Бүгүн Дүйнөлүк КИЖС менен күрөшүү күнү КИВ менен күрөш аягына чыкпагандыгын кишилер менен өкмөттөргө эскертүү менен али да орчун бойдон калууда. КИВдин кишилердин турмушуна таасири тууралуу маалымдуулукту арттыруу үчүн КИЖСке каршы күрөшүү тутумуна кошумча каржы каражаттарын тартуу, кордоо жана басмырлоону жоюу жана КИВ инфекциясы бар кишилердин турмуш сапатын жакшыртуу маселеси өтө курч бойдон калууда.

Колдонулган адабияттарОңдоо

ШилтемелерОңдоо

  1. What Are HIV and AIDS? HIV.gov, 2 апрель 2021 текшерилди