Саатов Жапар (Ташбеков Ж.)

Саатов Жапар (Ташбеков Ж.) - жазуучу, журналист.

Жапар Саатов Чүй районуна караштуу Алчалуу айылында 1930-жылы 15-февралда туулган.
1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, эмгек жолун 1952-жылы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1952-жылдан «Кыргызстан» басмасынын редакциясында кызматкер, бөлүм башчы, «Кыргызстан маданияты» гезитинде жооптуу катчынын орунбаса-ры,
1970-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген.
Сатирачы-фелъетончу катары 300дөн ашык сатиралык аңгемелери, фелъетондору жана адабияттын, искусствонун жана медицинанын көрүнүктүү ишмерлери (С.Сасыкбаев, М.Абдукаримов, Ы.Борончиев, М.Мамакеев, И.Ахунбаев ж.б.) жөнүндө бир топ публицистикалык чыгар-малары бар.
1957-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1976-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1989-жылы СССР Журналисттер союзунун лауреаты наамы ыйгарылган.
1974-жылы “Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери» наамы берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ынталуу балдар: Очерктер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 79 б.

Мээрим: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 85 б.

Толукшуган ай: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1965 – 112 б.

Жан курбу: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1967. – 143 б.

Биздин мугалим. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 39 б.

Мезгил сынайт: Аңгемелер, очерктер жана сатиралык чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 10 б.

Чындыктын сүрү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 119 б.

Астейил адамдар: Очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 84 б.

Чынар жана чырмоок: Аңгемелер, публицистикалык жана сатиралык чыгармалар, повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 224 б.

Каардуу күндөр: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1984. – 199 б.

Маңдай тер: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1986 – 172 б.

Ак дил: Повесттер, аңгемелер, сатиралар. – Ф.: Адабият, 1990. – 303 б.

Жигердүү жигит: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 44 б.

Түркүн мүнөздөр: Повесть, аңгемелер жана интермедиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 167 б. ‏