Сабизчи чымын (лат. Psila rosae, syn. Chamaepsila rosae) - псилида тукумундагы чымын, чатыр гүлдүү өсүмдүктөрдүн коркунучтуу зыянкечи.

Сабизчи чымын.

Уз. 4-5 мм, башы кочкул, буттары жана муруту саргыч, боору жылтырак кара. Европада, Түндүк Америкада.

Сабиз, пастернак, петрушка, сельдерей ж. б. өсүмдүктөргө зыян келтирет. Сабизчи чымын өсүмдүктүн жалбырагы чыга баштаганда тамырына чөйрөлөш сиркесин таштайт. Андан курт чыгып, тамырды тешет. Жаш өсүмдүк кээде соолуйт. Дартка чалдыккан сабиздин даамы ачуу болуп, көпчүлүгү чирийт.

Күрөш чарасы: терең айдоо, урукка инсектицид чачуу, эрте эгүү, маалында суюлтуу жана отоо. Сабизчи чымын сирке таштаар мезгилде топуракка 2-3 сыйра нафталин чачуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.