Садабад пактысы - Ататүрктүн тышкы саясаты эки чоң дүйнөлүк согуш мезгилдеринде чоң мамлекеттердин аймактык кеңейүү саясатына каршы болуп, Балкан жарым аралы жана чыгыштагы коңшу мамлекеттер менен достук жана кызматташтык мамиледе болуу жана аскердик күчтөрдүн тең салмактуулукту түзүү негизинде өнүккөн.

Бул саясаттын жыйынтыгында Балкан Антантысы ишке ашырылган, буга удаа 1934-жылы Иран жана башка мамлекеттер менен жакындашуу саясатында кээ бир тармактар боюнча келишимдерге кол коюлган. Италия Эфиопияны басып алып, бул жерлерде өз өкүмүн орното баштаганынан улам, 1937-жылы 8-июлда Тегерандын Садабад сарайында Түркия, Иран, Афганистан жана Ирактын ортосунда жаңы конвенцияга кол коюлган. Кийин бул конвенция тарыхка Садабад Пактысы деген ат менен кирген. Бул пактыга кол койгон мамлекеттер арасында төмөнкүдөй шарттар коюлган: кол койгон мамлекеттер бири-биринин ички саясатына кийлигишпейт, чек араларды сактоодо бири-бирине жакшы мамиледе болушат, эл аралык аренадагы пикир келишпестиктер жаралган учурда орток кызыкчылыктар үчүн консультациялар өткөрүлөт, бири-бирине каршы чабуул коюлбайт, өз ара келишпестиктер болгон учурда бул маселе Улуттар Лигасында каралат, куралдуу күч колдонулбайт.

Бул шарттар Брианд-Келлог Пактысындагы шарттарга окшошуп түзүлгөн. Садабад пактысы 5 жылдык мөөнөткө бекитилген, пактынын мөөнөтү бүткөндө тараптар өз ара макулдашуу менен пактынын мөөнөтүн узартууну кабыл алышкан. Бул пактыга мүчө мамлекеттердин эч кайсынысы расмий түрдө пактыдан баш тартпаса да II Дүйнөлүк согуш маалында жана андан кийинки мезгилдерде пакты өзүнөн-өзү таасири жок, чабал абалга келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9