Кыскача өмүр таржымалыОңдоо

Качкын Садыков (12.03.1941-22.11.2006)лл Манас дастаны, баатыр баяны, же болбосо улуу сыр айткан сайын түгөнбөгөн, агын суудай үйөрлөгөн, улуу жүрүшкө чыккандай узун жол, баскан сайын арбыган кенен мол.

Түйшүгү түмөн, түбү үрөн, келечеги кенен, сөзү белен, узун жолго түшүп баатырдын шыралгасын алгандар аз, улуу баяды арбытып айтып, чоң жүктү көөлүктөй тартып кеткендер андан аз.
Качкын Сыдыков саяктын каракучкачынан, Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Коңур - Өлең аылында 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал атасынан алып калган улуу дастанын айылда айтып, райондук иш чараларга калбай катышып манасчы атыгып жүргөн киши. К.Сыдыков өзү: «Атаңдын көрү эрте жетим калып, жетимдиктин азабын кеп тартып журуп, жолумду ачкан киши болбой калбадыбы, болбосо убагында мага деле келип журду аян, сыр ошол маалда жол көрсөткөн киши болуп, аян сырларды карманып кеткенимде мен дагы башкалардай арбытып айтып кетмек экенмин, жок дегенде атам он төрт, он беш жашыма чейин жашаса эмне, «Манасын» кенен угуп билип көкүрөгүмө жат кылып, сактап калар элем. Муну атам да сезгендир, туйгандыр себеби ооруп үзүлөөр алдында төшөктө жаткан жеринен туруп алып, Качкыным качан келет, келээр маалы болдубу ыя, эртерээк келсе болоор эле атаңгөрү деп эшиктин алдына чыгып алып, күзөтчүдөй жол караганын айтчу энем». Азбы-көппү «Манасты» айтып Тоң аймагына белгилүү манасчы, семетейчи атыккан киши.

Манасчылык аяндын пайда болуусуОңдоо

Ал өзүнүн: «Көп эле түш көрдүм, ошонун бири, аябай көп элдин арасында жүрүптүрмүн өкүрүк ызы-чуу чыгып, кимдир - бирөөнү жоктоп жаткандай, элди аралап отуруп он эки канат өргөөнүн ичине кирип бардым, кирсем так ортосунда бийик чоң тегерек такта турат. Тактанын үстүндө чалкасынан баатыр жатат, тегерегинде кырк чоро баштарын жерге салып, найзаларын жерге сайып унсуз отурат. Баатырдын жанына барсам уктап жаткан кишидей, муруту кулагына илинген өтө сүрдүү киши экен. Аңгыча кимдир-бирөө - Манас оо дүйнө сапар узап атат» дейт, жакшылап карасам андай деле эмес, уктап жаткандай, аңгыча баягы киши: «Айт!» дегендей белги кылат. Ойгонуп кетиптирмин. Мындай түштөрдү көп эле көрдүм» деп эскерет.
Алыс-жакын жерге, аздыр-көптүр элге «Манас» баянынын жайылтуучусу катары Качкын Сыдыков билгендердин эсинде калды.

Колдонулган адабиятОңдоо

Респубиликалык "МАНАС" жаштар ордосу, "Манасчылар" Б-2010ж.