Саймалыташ сүрөт галереясы

Саймалыташ сүрөт галереясы — Саймалыташ сүрөт галереясы Фергана тоо кыркасындагы Көгарт ашуусуна жакын жерде таш бетине чегилген сүрөттөр. Биздин заманга чейин 2-миң жылдык –биздинзамандын 1-миң жылдыгынын 1-жарымына (5-6-кылым) таандык. Жүз миңдеген ашуун сүрөттөр бар. Тоо текелердин, аркарлардын, бөкалардын, куландардын, жырткыч жаныбарлардын, арабага чегилген букалардын, колдорун жогору көтөргөн адамдардын, тегерек күн сымал баштуу кудайлардын, ыйык нике сценалары, күндүн белгиси өңдүү сүрөттөрдү кездештирүүгө болот.

Саймалыташ сүрөт галереясын 1902-жылы орус армиясынын офицери, топограф Н.Г.Хлудов ачкан. Кийин аны генерал –мойор И.Т. Пославский (1902-1903), Б.М.Зима (1946), А.Н.Бернштам(1950) изилдеген. Саймалыташтагы эстеликтерде артына куйрук сымал нерсеси бар адамдардын сөлөкөттөрү сакталган. Алардын көпчүлүгү бири-бирине бет маңдай туруп, колдорун көтөрүп төрган үчүрларды чагылдырат. Мындай сүрөттөрдү күн сымал баштуу кудайдын алдына чегишкен. Мындан тышкары бука, теке, аркар, эшек же эки түрдүү жаныбарлар чегилген арабалар кездешет. Арабанын артына эркек кишинин сөлөкөтү тартылганы ачык баамдалат. Айрым изилдөөчүлөр Саймалыташ сүрөт галереясынын нөкөра маанисин диний жөрөлгөлөр өткөрүүчү жай катары карашат.