Сайсагызган (лат. Chondrilla, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык чөп. Сабагы 60-120 см жетет, түп жагынан чокусуна чейин көп бутактуу. Жыш же үзгүлтүк түктүү. Жалбырагы сабакка кезектешип жайгашкан, жээги тегиз же арсак тишчелүү, ичке, уз. 2-9 см, туурасы 1-3 (5) см. Гүлү себетче топ гүлдү түзөт, себетчелер сабактын учтарында жалгыздап өсөт. Желекчелери тилчедей, эки жыныстуу, түсү сары, аталыгы 5, энелиги бирөө. Мөмөсү – сүйрү урукча, алардын чокусу бир катар ак үпүчөлүү. С-дын 30 ашуун түрү Байыркы Жерортолук деңизи жайгашкан жерлерден кездешет.

Chondrilla juncea.

Кыргызстанда 9 түрү өрөөндөн бийик тоолорго чейинки таштактуу жерлерде, кургак боздөңдө, сайда, жол боюнда, кашарга жакын жерде, чабынды шалбааларда өсүшөт. Уруунун бардык түрүндө ак түстөгү чайыр заты бар. Мурунку учурда чайыр алынуучу өнөр жайдагы келечектүү өсүмдүк катары эсептелчү. Майда жана боло малга жакшы силостук ошондой эле жөн деле тоют.

Колдонулган адабияттар түзөтүү