Исламда сакал коюунун өкүмү - ВАЖЫП. ДАЛИЛДЕРИ: 1. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айтты: "Сакалды толук койгула!" (Бухарий, Муслим). 2. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айтты: "Сакалды өстүргүлө!" (Ахмад, Муслим). 3. Булар түздөн-түз буйруктар. Аларды аткарууну бизге Аллах субханаху ва таала буюрган: "Аллахтын элчиси силерди эмнеге буюрса, дароо аткаргыла!" (Хашр сүрөсү, 7-аят) Мазхабдар эмне дейт: 1. Имам Аазам мазхабы: مذهب الامام ابو حنيفة: قال بن عابدين يحرم على الرجل حلق لحيته و ابو حنيفة و تلاميذه يقولون حلق اللحية حرام Ибн Аабидийн "эркек киши сакалын кыруусу арам" деген. Себеби бул сөздү Абу Ханифа жана бардык шакирттери айткан. 2. Маликия мазхабы: مذهب الامام مالك: قال الامام بن عبد البر المالكي في كتابه التمهيد يحرم حلق اللحية ولا يفعله الا المخنثون من الرجال و هذا كلامه Имам Абдул Барр "Тамхид" китебинде "Сакал кыруу - арам. Бул катын чалыш эркектердин амалы" деген. 3. Шафиий мазхабы: مذهب الامام الشافعي: نص الشافعي في كتابه الام على تحريم حلق اللحية Имам Шафеий "Умм" деген китебинде "Сакал кыруу - арам" деген. 4. Ханбалия мазхабы: مذهب الامام احمد بن حنبل: المعتمد فيه تحريم حلق اللحية Булар дагы "сакал кыруу - арам" дешет. Ибн Усеймин жана башка ханбалия уламалары сакал кырууну КАБИРа - чоң күнөө дешкен. Соңку сөз: Чубак ажы айткандай "Бул сөздөр ыйманы таза жана ыкластуу мусулмандарга гана тиешелүү".

Даярдаган (Шамсуддин Абдыкалык уулу)