Салона - алгач иллириялыктардын журту.

Сплит шаарынан (Югосл-я) 5 км түндүк тарапта. Б. з. ч. 2-кылымдын аягы- 1-кылымда римдиктердин Далмациядагы таяныч пункту, б. з. ч. 27-ж. Салона рим колониясы деген статус алган. Б. з. 4-кылымынан Салона епископтун резиденциясы. Аны 6-7-кылымда аварлар менен славяндар талкалаган. Калдыгы сакталган. Салонада архитектуралык изилдөөнү 19-кылымдын 80-жылдарынан 20-кылымдын 20-жылдарына чейин Ф. Булич жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.