Салт, традиция — укумдан тукумга өтүп, кандайдыр бир социалдык топто узак убакыт сакталуучу коомдук жана маданий мурас элементтери; белгилүү бир коомдук тартип, жүрүм-турум эрежелери, дөөлөттөр, идеялар, каадалар, адаттар. Айрым С-тар бүткүл коомдук системага тарап, анын жашашынын зарыл шартына айланса, айрымдары коом турмушунун тигил же бул тармагында (экономикада, саясатта, илимде, иск-водо ж.б.) гана жашайт. Ар бир муун өз мезгилиндеги тарыхый шартка жараша тигил же бул С-ын жерийт же улантат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү