Салык полициясы - Мамлекетибиз социалисттик системада жашап турган кезинде ишкердикти жүргүзүүгө мамлекеттик жана коомдук ишканаларга жана чарбаларга гана уруксат берилип, алар жаап-жашыр-бастан салыкты мамлекетке төгүп турушкан. Салыкты убагында жана так төлөп туруунун мааниси өтө зор, себеби мамлекеттин бийлик органдары, укук коргоо органдары, Куралдуу күчтөрү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык камсыз кылуулар (пенсия, пособие, стипендия) мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Азыр эркин рынок экономикасына өткөн учурда ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салуу жок, ар бир адам ишкана ачып алып продукция өндүрүүгө же дый-кан чарбасын түзүп, айыл чарба продукциясын өн-дүрүүгө акылуу. Ошону менен бирге эле мыйзамда белгиленген өлчөмдө жана тартипте мамлекетке салык төлөөгө милдеттүү. Тилекке каршы, кээ бир ишкерлер кирешесин жашырып, мамлекетке салыктөлөөдөн кач-кан фактылар кездешет. Бул болсо кылмыш болуп эсептелет. Ошондуктан, мындай аракеттерге каршы күрөшүү үчүн салык полициясы уюшулган. Алар, салык өндүрүү боюнча салык инспекциясына көмөктөшүшөт, жашыруу фактысы боюнча кылмыш иш козгошуп, тергөө жүргүзүшөт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 45 бб.