Санжаров Шарап

Санжаров, Шарап‎»‎ барагынан багытталды)

Санжаров Шарап (1932-жылы Өзгөн району, Дөң-Булак кыштагында туулган.) - малчы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1966). 1961-жылдан КПСС мүчөсү. Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сицирген устаты. Кара-Суу районундагы В. В. Куйбышев атындагы колхоздо малчы, 1956-жылдан «Коммунизм» колхозунда чабан, 1960-жылдан Өзгөн районундагы «Алга» совхозунда баш чабан. 1965-ж. ар жүз тубар койдон 120дан козу алып, ар биринен 5 кг дан жун кыркып алган. 1974-79-ж. СССР Жогорку Советинин[1] жана 1963 - 67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары түзөтүү

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.
  1. Список депутатов Верховного Совета СССР IX созыва