Сардарова Айнагүл Уз. 1948-ж. Кочкор районундагы Көл-Төр айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Чарбада эмгектенген. 1984-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Кочкордогу бөлүмүнүн үйдөн уздануучу чебери. Айнагүл оюм жаратууда эски кооздуктарды өзүндөй сарысаптап өздөштүрүп, анын мыйзам ченемдерин сактоо аркылуу билгичтикте өзгөртүп кете алат. Кадимки эле «мүйүз оюму», «карга тырмак оюму», «бадам оюму», «ит куйрук оюму» өңдүү негизги оюмдардын элементтерин ойдогудай айкалыштырат, төптөштүрөт. Кооздуктарды өз ара кыйыштырат. Бирөөлөргө окшошпогон көркөмдүктөрдү жаратуу менен буюм-тайым жасоосу анын уздук жүзүн ачкан. Айнагүл тердиктин элдик үлгүсүн кармаган. Мында буюм жөнөкөй көрүнөт. Анын ичин шырык ээлейт. Аны оюм чийимдейт. Ал кербенди, жайлоого көчкөн кадимки жүктүү төөлөрдү элестетет. Уз азыр кат кийизди жалпы сом аркылуу табак оюм (үзүл-кесилсиз) берүү менен салттуулукту сактоого дымактанат. Мында табак оюмду такта оюмдан ажыратат. Айрымдардай кийизди бырчылдатып майдалабай, аны «аламычтап», кийиз оюмдарынын салттуулугунан тайбай түр шырдак жасайт. Мында кийиз өөн-бучкакка айланбайт. Шырдактарына «милтени» пайдаланса, башка жука жердикке чыраш сайманы тандайт. Кызыл-көк, сары-кара, кызыл-кара борбордук оюмду түзөт. Ал эми ак-кара «аламыч» болот. Бул эки өң кийиз буюмдарына чабалекейдей катыш жасайт. Уз көбүнчө «ит куйрук оюмун», «бадам оюмун», «бычак учу оюмун» алат. Анын кийиз, нооту, баркут өңдүүлөргө түшкөн көркөм оюмдары менен көчөттөрү ич ара айкалышып, топ (табакча, үй) өзүнчө бир ойду түшүндүрөт, мазмун берет, ачык чачырап көрүнөт. Айнагүлдүн кызы Чалбаева Батыйна (Бишкектеги № 92 көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайын бүткөн) азыр боз үй көтөрүүдө. Ага эшик чий чырмашкан, өрмөк буюмдарын түгөлү менен жүзөгө ашырышкан. Мында түшкөн терме, чырмак көчөттөрүндө түстөр мыкты тандалып, көркөмдүктүн элдик салты сакталган. Уздун кармаган буюмдары колдонмолук да, жасалгалык да мааниге ээ.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Ат жабуусу жана тердиги үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы; 1989 ж. «Кыял» Бирикмесинин 20 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Кийиз, нооту буюмдары үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0