Сартбаев, Максут Калкабаевич

Сартбаев, Максут Калкабаевич (1937, Фрунзе ш.) – геолог, геология-минералогия ил. кандидаты (1968), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1994), Инженердик академиянын корреспондент мүчөсү (1996). Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1959). Кыргыз ССР ИАнын Геол. ин-тунда кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория жетекчиси (1961–1988), 1988-жылдан КРнын УИАнын Тоотектеринин физикасы ж-а механикасы ин-тунда жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. Илимий иштеринин негизги багыты: чөкмө тектердин формациясынын геологиясы, геохимиясы ж-а металлогениясы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү