Сары-Камыш газ кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Фергана шаарынан 18 км түштүк-батыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. 1955-ж. ачылган. Кен аймагы мезозой жана кайнозой замандарында пайда болгон чөкмө тоотектеринен түзүлгөн. Газ бор жана юра мезгилдеринин көмүрсүз геол. свиталарындагы кумдуктарда топтолгон. Газдуу кабатчалар 310–360 м тереңдикте жатып, калыңдыгы 5–7 м. Газдын адегендеги дебити 400 миң м3/сут. Курамында метан 83,3%, этан 6,6%, пропан 2,7%, бутан 0,5%, пентан менен жогорку сапаттагы газ 0,8%, СО2, 4%, Н2 О – 5,7%. Тыгыздыгы 0,592–0,653 г/см3, күйгөндө 28,0–32,4 МДж/кг жылуулук берет. Запасы 743 млн м3. Кенден алынган газ жергиликтүү керектөөгө жумшалат. 1997-жылга карата эркин газдын запасы С1 – 322 млн м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү